"Айтыш төр" долбоорунда 1 млн сом байгени Акматбек Султан илип кетти
RU

"Айтыш төр" долбоорунда 1 млн сом байгени Акматбек Султан илип кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Айтыш төр" долбоору жыйынтыкталып, анда баш байгени Акматбек Султан уулу илип кетти. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, баш байге 1 млн сомду түзөт.

Долбоордун жеңүүчүлөрү:

  • Баш байге - Акматбек Султан уулу, 1 млн сом;
  • 1-орун - Кубат Тукешов, байгеси 500 000 сом;
  • 2-орун - Арген Биймырза уулу, байгеси 350 000 сом;
  • 3-орун - Чынгызхан Кожошов, байгеси 250 000 сом.

Андан тышкары 2-айлампага чейин жеткен сегиз акынга 100 миң сомдон байге берилди.

Долбоорго президент Садыр Жапаров колдоо көрсөткөн. Иш-чаранын жыйынтыктоочу бөлүгүнө министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, башкы прокурор Курманкул Зулушев, Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо, маданият министри Алтынбек Максутов, УТРКнын башкы директору Болотбек Тиллебаев катышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12296