Гемодиализ борборун курууну убадалаган директор акча алгандан кийин изин жашырып кеткен
Жалал-Абаддын Токтогул шаарында өнөкөт бөйрөк жетишсиздигинен жабыркагандар үчүн гемодиализ борборун куруу боюнча милдеттенмелерди аткарбагандыгы үчүн "А.С.С." ЖЧКсынын директору кармалды. Ал 2022-жылы курулуш иштеринин 10%ын гана аткарып, дайынсыз болуп жүргөн дешет УКМКдан.
Тендердин жыйынтыгы боюнча 12 млн 907 миң 508 сом менен "А.С.С." ЖЧКсы жеңүүчү деп табылган. Бирок аталган мекеменин директору А.А.Б. эсебине 7 миллион 781 миң сом түшкөндөн кийин 2022-жылы иштин 10 пайызын аткарып, изин жашырып жүргөн.
Текшерүүнүн жүрүшүндө компаниянын директору кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ошондой эле "Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазыкечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын тескөө боюнча дирекциясы" мамлекеттик мекеменин кызматкерлеринин ишмердүүлүгү текшерилет.