Садыр Жапаров баштаган делегация мамлекеттик сапар менен Кытайга жөнөп кетти
RU

Садыр Жапаров баштаган делегация мамлекеттик сапар менен Кытайга жөнөп кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров бүгүн, 17-майда мамлекеттик сапар менен Кытай Эл Республикасына жөнөп кетти. Бул туурасында президенттин администрациясынан кабарлашып, сапардын алкагында мамлекет башчы "Кытай-Борбор Азия" саммитине да катышат дешти.

18-майдан 20-майга чейин созула турган сапардын жүрүшүндө Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр пландаштырылууда. Өлкө лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча кызматташтыкты тереңдетүү жана кеңейтүү маселелерин талкуулашат.

Ошондой эле Садыр Жапаровдун Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян, Кытай Элдик саясий консультациялык кеңешинин Бүткүл Кытай комитетинин төрагасы Ван Хунин жана КЭРдин башка расмий өкүлдөрү, бизнес чөйрөсү менен жолугушуулары пландалууда.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамы:

  • Айгүл Жапарова – президенттин жубайы;
  • Жээнбек Кулубаев – тышкы иштер министри;
  • Муратбек Азымбакиев – президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
  • Актилек Мусаева – Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы элчиси;
  • Айбек Джунушалиев – президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги;
  • Азамат Осмонов – президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын начальниги;
  • Аскарбек Джаныбеков – айыл чарба министри;
  • Алтынбек Максүтов – маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;
  • Талантбек Иманов – санариптик өнүктүрүү министри;
  • Тилек Текебаев – транспорт жана коммуникациялар министри;
  • Данияр Амангельдиев – экономика жана коммерция министри;
  • Таалайбек Ибраев – энергетика министри;
  • Умбриэль Темиралиев – Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору;
  • Самат Исабеков – мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы;
  • Эмилбек Абдыкадыров – Бишкек шаарынын мэри;
  • Бакытбек Жетигенов – Ош шаарынын мэри.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12307