7 жаштагы кызды зордуктоого шектүү кылмыштын изи сууй электе кармалды
RU

7 жаштагы кызды зордуктоого шектүү кылмыштын изи сууй электе кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2021-жылдын 9-апрелинде саат 20:00 чамаларында Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл аймагына караштуу Кайрагач айылынын тургуну 7 жаштагы жашы жете элек кыз Н.А. Кайрагач айылынын талаасы аркылуу үйүнө кетип бараткан учурда белгисиз азиат улутундагы жашы болжол менен 16-17 курактагы жаран тарабынан зордукталып, денесинен алган жараатынан улам Ош облустук төрөт үйүнө оор абалда жеткирилгендиги тууралуу Ош ОИИБдин Нөөмөт бөлүмүнө маалымат келип түшкөн.

Аталган маалымат 2021-жылдын 09-апрелинде Ош ОИИБдин Маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, кылмыштын бетин ачуу боюнча кечиктирилгис ыкчам иш чаралар жүргүзүлө баштаган жана 2021-жылдын 10-апрелинде Кыргыз Республикасынын ЖКнин 161-беренесинин 4-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен Кара-Суу РИИБдин КЖБРне катталып, тергөө амалдары башталган.

Кылмыш иш боюнча Ош ОИИБдин жетекчилиги баш болуп Кара-Суу РИИБдин ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барышып, ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлдү. Окуя болгон жерге кароо жүргүзүп, жабырлануучуга жана кылмышка шектүүгө тийиштүү далил буюмдар алынып, ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгында, кылмыштын изи сууй электе кылмышкер Кара-Суу районунун Мады айыл аймагына караштуу Кыргыз-Чек айылынын тургуну 26 жаштагы "Н. уулу А." экендиги аныкталып, Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл аймагына караштуу Садирбай айылында туугандарынын үйүндө жаткан жеринен шектүү катары кармалган. Ал өзүнүн көрсөтмөсүндө жогорудагы өзгөчө оор кылмыш ишти жасагандыгын толугу менен мойнуна алган, ошондой эле кылмышка тийиштүү буюм далилдер алынып шектелүүчү убактылуу кармоочу жайга камалды.

Жабырлануучу: "Н. А." 7 жашта Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл аймагына караштуу Кайрагач айылынын тургуну, 1 класстын окуучусу, таэнесинин колунда тарбияланып жаткан, апасы Россияда миграцияда.

Тергөө иштери Кара-Суу РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлүүдө, деп Ош ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1232