Кыргызстандык оркестр Ташкентте өткөн эл аралык сынакта биринчи орунду алды (фото)
RU

Кыргызстандык оркестр Ташкентте өткөн эл аралык сынакта биринчи орунду алды (фото)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын музыканттары Ташкентте өткөн "Damli sozlar navosi" үйлөмө оркестрлеринин биринчи сынак-фестивалында жеңишке жетишти. Бул тууралуу жеңүүчүлөр өздөрү маалымдашты.

11-13-май күндөрү өткөн сынакта Кыргызстандын атынан КР Эл артисти, профессор Элис Шаршенбаев жана башкы дирижер Азамат Кулубековдун жетекчилигиндеги Бишкек шаардык мэриясынын жана Кыргыз улуттук консерваториясынын үйлөмө аспаптар оркестри катышты.

Кыргызстандыктар Казакстан, Өзбекстан жана Россиядан келген 23 команданын ичинен биринчи орунду ээлеп, мыкты оркестр наамына ээ болушту.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12341