"Борбор Азия – Кытай" саммитинде декларация кабыл алынып, документтерге кол коюлду (тизме)
RU

"Борбор Азия – Кытай" саммитинде декларация кабыл алынып, документтерге кол коюлду (тизме)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 19-майда мамлекет башчыларынын "Борбор Азия – Кытай" саммитинин жыйынтыгы боюнча Сиань декларациясы кабыл алынды. Бул тууралуу Кыргызстандын президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Белгилүү болгондой, документке Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кол коюшту.

Саммиттин жүрүшүндө ошондой эле төмөнкү документтерге кол коюлду:

  • "Борбор Азия – Кытай" өнөр жай жана инвестициялык кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  • "Борбор Азия – Кытай" форматындагы соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоо боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  • Борбордук Азия мамлекеттери менен Кытайдын ортосунда санариптик соода тармагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму;
  • "Борбордук Азия – Кытай" форматында инфраструктура жана инженердик курулуш тармагында кызматташууну өнүктүрүүгө көмөктөшүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  • "Борбор Азия – Кытай" айыл чарба министрлеринин жолугушуусунун механизмин түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму;
  • "Борбор Азия - Кытай" форматындагы бажы кызматтарынын жетекчилеринин кеңешмесинин механизминин иши жөнүндө жобо;
  • "Борбордук Азия - Кытай" форматындагы компетенттүү органдардын ортосунда жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн карантинин импорттоо жана экспорттоо жаатындагы техникалык кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  • "Борбордук Азия – Кытай" Ишкер Кеңешин түзүү боюнча кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

Кол коюу аземинен кийин Си Цзиньпин маалымат каражаттарына билдирүү жасады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12353