1-июлдан тартып маданият, искусство жана маалымат кызматкерлеринин эмгек акысы көтөрүлөт
RU

1-июлдан тартып маданият, искусство жана маалымат кызматкерлеринин эмгек акысы көтөрүлөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2021-жылдын 1-июлунан тарта маданият, искусство жана маалымат кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү токтомуна Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кол койгон. Аталган чечим маданият, искусство жана маалымат кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнүн шарттарын жакшыртуу максатында кабыл алынган. Мындай маалыматты өкмөттүн маалымат кызматы таратты.

Белгилүү болгондой, 2021-жылдын 1-июлунан тарта күчүнө кире турган документке ылайык, "Улуттук" статусуна, же "академиялык" наамына ээ маданият мекемелеринин айлык акылары 20%га көтөрүлдү.

Мурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен "Улуттук" статусу бар маданият мекемелеринин айлык акылары 80%га көтөрүлгөн.

Башка мекемелердеги маданият, искусство жана маалымат кызматкерлеринин, анын ичинде жергиликтүү башкаруу органдарынын карамагында турган маданият, искусство жана маалымат кызматкерлеринин эмгек акыларын 50% га жогорулатуу каралган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1236