16 жашар өспүрүм бала өгөй атасын бычактаган
RU

16 жашар өспүрүм бала өгөй атасын бычактаган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

16 жаштагы өспүрүм өгөй атасынын басынтууларынан тажап, аны бычак менен сайган. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына күч структураларынан билдиришти.

Алардын айтымында, кечээ, 10-апрелде "Ак-Ордо" жаңы конушунда 16 жаштагы өспүрүм өгөй атасын бычактады деген маалымат келип түшкөн. Эркек киши дароо ооруканага жеткирилип, мектеп окуучусун милиция бөлүмүнө алып кетишкен.

Алдын ала берилген маалыматка ылайык, өгөй атасы ага чейин өспүрүм балага кол көтөрүп, токмоктоп турчу экен. Ал өзүн коргоо максатында өгөй атасын жарадар кылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1237