Тамчы айыл өкмөтүнүн башчысы менен Ысык-Көл райондук өнүктүрүү фондунун директору кармалды
RU

Тамчы айыл өкмөтүнүн башчысы менен Ысык-Көл райондук өнүктүрүү фондунун директору кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл облусунун прокуратурасы тарабынан Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун каражаттарынан "Тамчы" эл аралык аэропорту жактагы эки аялдаманын курулушунун мыйзамдуулугу боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Тамчы айыл өкмөтүнүн башчысы Ф.К.Б., Ысык-Көл районун өнүктүрүү фондунун директору Д.М.А. менен кылмыштуу бүтүмгө кирип, кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдаланып, келишимди бузуу боюнча иш жүргүзүлүп жаткандыгына карабастан, аялдама пункттарынын курулушу башталбай, бул объектилер келишимге ылайык сапатта кабыл алынбай, "Д.Л." ЖЧКсынын подряддык уюмунун эсебине 844 миң 100 сом акча каражатын аванстык түрдө которушкан.

Конкреттүү факты боюнча прокуратура тарабынан 337-берене "Кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдалануу" боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө аталган айыл өкмөт башчылары Ф.К.Б., Ысык-Көл районунун директору Д.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда башка адамдардын тийиштигин аныктоо жана кылмыштын бетин ачууга багытталган ыкчам иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12382