Садыр Жапаров 10:27 келип добуш берип кетти, бирок прессаны 9:00до келет, деп чакыртышкан
RU

Садыр Жапаров 10:27 келип добуш берип кетти, бирок прессаны 9:00до келет, деп чакыртышкан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 11-апрелде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Чоң-Арыктагы №1053 участокко саат 10:27де келип жергиликтүү шайлоого жана Конституциянын жаңы текстин кабыл алуу референдумуна катышты. Бирок Массалык маалымат каражаттарына саат 9:00до келет, деп айтылган болчу.

Президент менен бирге шайлоо участогуна биринчи айым Айгүл Жапарова да келип добуш берүү укугу менен пайдаланды.

Андан кийин Садыр Жапаров аны күтүп жаткан прессанын жанына келип референдум тууралуу сөз кылды.

"Урматтуу кыргызстандыктар жана шайлоочулар! Бүгүн бизде элдик референдум өтүп жатат. Биз 30 жылдан бери конституцияны алмаштырып келебиз, ар дайым башка мамлекеттердин көчүрүп алчубуз. Бирок бүгүн, алгачкы жолу конституцияны өзүбүз даярдадык. Аны даярдоого биздин аксакалдар жана илим докторлору катышышты. Ачык талкуулап, мына бүгүн алып чыктык. Мен бардыгыңарды референдумга активдүү катышууга чакырам. Кандай добуш бересиңер ар бириңердин тандооңор. Биз эч кимди кыйнабайбыз", - деди ал.

Эске салсак, бүгүн 11-апрелде Конституциянын жаңы текстин кабыл алуу боюнча референдум өтүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1238