Климатологдор: Жерди буга чейин болуп көрбөгөн ысык мезгил күтүп турат
RU

Климатологдор: Жерди буга чейин болуп көрбөгөн ысык мезгил күтүп турат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бириккен улуттар уюмунун Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык уюму кооптуу отчётун жарыялады. Ага ылайык, келерки беш жылда Жер рекорддук эң ысык мезгилди башынан өткөрөт.

Климатологдор 2023-жылдан 2027-жылга чейинки беш жылдыктын бир жылы 98 пайызга эң ысык болот деп эсептешет.

"Глобалдык температура да өнөр жайга чейинки көрсөткүчтөн 1,5 градустан жогору болушу күтүлүүдө. Бул көрсөткүч кырсыкка жакын деп эсептелет", - dдеп билдирди WION

2018-жылга чейин дүйнө Цельсий боюнча эки градуска жакын жылыса, бул кырсык деп эсептелген. Кийинчерээк баа кайра каралып чыкты - бул 1,5 градустан ашса катастрофалык болорун көрсөттү.

Эксперттер Эль-Ниньо (Тынч океандын борбордук жана чыгыш экватордук аймактарында жер үстүндөгү температуранын масштабдуу өсүшү) менен климаттын антропогендик өзгөрүүсүнүн айкалышы алардын эң чоң тынчсыздануусун жаратып жатканын белгилешти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12392