Ысык-Атада пайдубал куйган жумушчу бригадирди бычактагап деп камакка алынды
RU

Ысык-Атада пайдубал куйган жумушчу бригадирди бычактагап деп камакка алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Ата районунда пайдубал куйган жумушчулардын бири бригадирин бычактаганга шектелүүдө. Чүй ОИИББдин маалымат кызматынан билдиришкендей, жаракат алган жаран аймактык ооруканада дарыланууда.

Кабарлангандай, 19-майда Ысык-Ата РИИБине аймактык ооруканадан билдирүү түшкөн. Анда 1970-жылы туулган С.Б. бычактан жаракат алганы айтылган.

Бул факты 37 жана 122-беренелер (адам өлтүрүүгө аракет кылуу) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө жаракат алган жаран пайдубал тургузган курулушчулардын бригадири экени такталган. Ал 19-майда 1977-жылы туулган И.Т. аттуу жумушчу ишке чыкпаганы үчүн эскертүү берген. Түштөн кийин И.Т. мас абалда келип, экөө жаңжалдаша кеткен. Анын кесепетинен жумушчу бригадирдин мойнуна бычак сайган.

Кылмышка шектүү И.Т. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Соттун чечими менен шектүү 2 айга СИЗОго камакка алынды. Тергөө амалдары улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12413