Борбордун жогорку окуу жайлары жана ишканаларына 325 миң сом айып пул салынды
RU

Борбордун жогорку окуу жайлары жана ишканаларына 325 миң сом айып пул салынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Көрктөндүрүүнү көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекция тарабынан эрежелерди сактоо боюнча рейддер улантылууда. Бул тууралуу калаа башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлайт.

Белгилүү болгондой, борбор калаада юридикалык жана жеке жактар жерди пайдалануу, тазалык тартиптерин, жашыл зоналарды коргоонун тартибин жана тышкы көрктөндүрүү жаатындагы нормаларды жана талаптарды бузууда.

Муниципалдык инспекция 15-майдан 20-майга чейинки аралыкта 422 чарба субъектини текшерип, тазалык тартибин сактабагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 114, 115-1, 115-2, 434-беренелерине ылайык, жалпы суммасы 325 миң сомдук 21 протокол түзүлгөн.

Көрктөндүрүү эрежелерин бузган юридикалык жактардын тизмеси:

  • И.Арабаев атындагы КМУ;
  • Раззаков атындагы КМТУ;
  • Т.Сыдыков атындагы Улуттук искусство академиясы;
  • "Газпронефть-Азия Операционная компания" ЖЧКсы;
  • "Учкун" ЖАК;
  • "ККМ Он-лайн" ЖЧКсы;
  • "LAZA" ЖЧКсы;
  • "LAZA" ЖЧКсы;
  • "Хангук 55" ЖЧКсы;
  • "Город мастеров" ЖЧКсы;
  • "Авто күзөт жана Укук тартиби" КФ;
  • "Азия Ритейл" ЖАК;
  • "Азия Ритейл" ЖАК;
  • "Аква Вита.КГ" ЖЧКсы;
  • "АТА Stroy" ЖЧКсы;
  • "Имарат Прогресс" ЖЧКсы;
  • "КР ИИМ Маалыматтык технологиялар Башкы Башкармалыгы" мекемеси;
  • "Хюндай Элевэйторс" ЖЧКсы;
  • "АТА STROY" ЖЧКсы;
  • "НЭСК-БПЭС" ЖАК;
  • "Халык Банк" ЖАК.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12451