Издөө салынат. 15 жаштагы Эрбол үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда
RU

Издөө салынат. 15 жаштагы Эрбол үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

15 жаштагы Эрбол Эркинбеков Ысык-Ата районундагы Рухий-Мурас-2 жаңы конушундагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес. Бул тууралуу Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө анын апасы билдирген.

  • Белгилери: бою 170 см, чачы кара кыска, орто дене түзүлүштө, көзү күрөң.
  • Кийип кеткен кийимдери: кара куртка, кызгылт көк футболка, кара шым, спорттук бут кийим.

Эрболдун жүргөн жери тууралуу маалымат билгендер болсо 0312 61 69 07 (нөөмөттөгү бөлүм), 0709 50 29 55, 0505 76 88 76 (издөө тобу) телефон номерлерине чалып коюуну милиция жана жакындары суранат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12458