Айгүл Жапарова Таластагы көп балалуу үй-бүлөлөргө барып, демөөрчүлөрдүн жардамын тапшырды
RU

Айгүл Жапарова Таластагы көп балалуу үй-бүлөлөргө барып, демөөрчүлөрдүн жардамын тапшырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Биринчи айым Айгүл Жапарова 21-23-май күндөрү Талас облусунун Айтматов районундагы көп балалуу төрт үй-бүлөгө барды. Бул туурасында биринчи айымдын социалдык тармактагы баракчасында айтылат.

Көп балалуу ата-энелер менен болгон баарлашууда Айгүл Жапарова алардын социалдык абалы, муктаждыктары менен таанышкан. Ошондой эле көп балалуу энелер жана майыптыгы бар балдарды тарбиялаган үй-бүлөлөр кабылган кыйынчылыктар туурасында кабардар болду.

Үй ээлери өз кезегинде Айгүл Жапаровага көрсөткөн жардамы жана көңүл бургандыгы үчүн абдан ыраазы болгонун билдиришти.

Ар бир үй-бүлөгө барып жардам көрсөтүү максатында демөөрчүлөр тарабынан бирден саан уй тапшырылды.

Мындан тышкары биринчи айым Айтматов районунун жети айылында өзүнүн жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен жакында ачылган аялдар үчүн йога студияларында болду. Студияларга демөөрчүлөрдүн жардамы менен аялдардын ден соолугун чыңдоосу үчүн бардык керектүү жабдыктар алынган.

Ошондой эле Айгүл Жапарова Талас облусунун Шекер айылындагы Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12463