Өгөй баласын сабаганын видеого тартып, аялына WhatsApp аркылуу жөнөткөн киши кармалды
RU

Өгөй баласын сабаганын видеого тартып, аялына WhatsApp аркылуу жөнөткөн киши кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактарда кичинекей баланы эркек киши сабап жаткан видео тараган. Ички иштер министирлигинин басма сөз кызматы шектелүүчү табылып, кылмыш иши прокуратурага өткорүлдү, деп Kaktus.media'га маалымат берди.

"23-февралда 2021-жылы Ысык-Ата районунун тургуну 1996-жылы туулган К.Б. жергиликтүү милиция бөлүмүнө кичинекей баласын өгөй атасы сабады, деген фактысы боюнча чара көрүүнү суранган арызы менен кайрылган. Арызда аялдын жарандык күйөөсү баласын сабап жаткан учурун телефонго тартып WhatsApp аркылуу жөнөткөн", - деп ИИМ билдирди.

Бул факт КЖБРге катталды.

Ыкчам-тергөө иштерин жүргүзүү учурунда 1988-жылы туулган К.К. жараны камакка алынды. Ал КРдин Жазык кодексинин 98-беренесинин алкагында Ысык-Ата районунун убактылуу кармоочу жайына камалган.

2021-жылдын 24-февралында соттук-медициналык экспертиза чыгып, ага ылайык кичинекей баланын ден соолугуна зыян келтирилди, деген корутунду чыккан. 2021-жылдын 3-мартында бул факт боюнча өндүрүш иши токтотулуп, иштин материалдары Ысык-Ата прокуратурасына жөнөтүлгөн. Учурда бул иш боюнча соттук териштирүүлөр жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1246