Ак-Ордо конушунун жашоочулары ээси бар жерлер үчүнчү адамдарга сатылып жатканын айтышты
RU

Ак-Ордо конушунун жашоочулары ээси бар жерлер үчүнчү адамдарга сатылып жатканын айтышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ак-Ордодогу ээси бар жерлерди Дарика Абдыкадырова атту айым жетектеген "Акыйкат коом" фонду үчүнчү адамдарга мыйзамсыз сатып жатат. Бул тууралуу Kaktus.kg редакциясына конуштун жашоочулары билдиришти.

"Жумуштабыз. Дем алыш күндөрү келишпейт. Соттошуп жатабыз. Биздин 441-токтомду жокко чыгарууга аракет көрүп жатышат. Бирок азырынча ийгиликсиз. Азыркы убакта сегиз кылмыш иши бар Абдыкадырова Дарика Абдыкадыровна менен талаш маселе болуп атат. Сегиз кылмыш иши козголгонуна карабай биринин топусун бирине кийгизип, дайыма Ак-Ордодогу бош жерлерди сатат.

Алардын эч кандай кызыл китеби жок. Тил кат менен эле башка бирөөнүн жерин дагы башкасына сатып жатпайбы? Ал тил каттар бизде бар", - деди ал.

Дагы бир жергиликтүү жашоочу чет өлкөгө миграциялап кеткен жаштардын жер тилкелерин аталган фонд тартып алып жатканына капа болуп жатат.

"Айыл өкмөтү өз жашоочуларына там салсын деп жер бөлүп берген. Бул "Ж" жана "Е" кварталы. Жер тилкелеринин номурлары, үйлөрү турат. Салчулар салып, салбачулар саткан. Мына биз ички мигрантпыз. Сатып алганбыз. Баары катталган. Мамлекеттик каттоодон өткөн. Бирок кээ бирлери жерди сатып алып, үй салганга чамасы жок акча тапкан Москвага кетти да.

Ошол жаштардын жерин Абдыкадырова тартып алып жатпайбы. Айыл өкмөт берген жерлерди булар эмнеге талашып жатышат? Үй салынган жерлерге тийишпей эле", - деп нааразы болду.

Бизде 441-токтомдун чечими жана кызыл китеп бар. Азыр айыл өкмөт аны таппай жатса элде эмне күнөө?

"441-чечим жок деп жатыштпайбы, бизде ал чечим бар. Кызыл китептин ичинде турат. Себеби, биздин жерди каттоодо алып калышат. "Сатуу/сатып алууда" билет. Анан 441-токтом жок деп жатышат. Биздин китепте турбайбы? Архивден таппай жатышса алар өздөрү билет. Дарика бизден ошол 441-чечимди сурагыдай ким? Колунда бир кызыл китеби жок. Анан эле силердин 441-чечимиңер жок дейт, ай, колубузда турбайбы?!", - дейт жергиликтүү жашоочу.

Бул маселе боюнча соттук териштирүүлөр көптөн бери уланып жатат. Конуштун жашоочуларынын айтымында, "Акыйкат коом" фондунун жетекчисине дагы бир катар иш козголгон. Болгону жашоочулар иш ордунан жылбай жатат деп нааразы болуп жатышат.

Конуштун депутаты Тилек Койбаков соттор Абдыкадырова тарапты көздөй дайыма негизсиз, мыйзамсыз чечимдерди кабыл алып жатканын айтты.

"Акыйкат-Алтын-Казык" коомдук фондунун башында Сманов Жолдош турган, ал Мамлекеттик каттоонун башчысы болчу, кайтыш болуп кетти. Андан кийин "Ар-Намыс" фракциясынан Эсенгул Байдалиевич Исаков убагында депутат болчу. Булар ошондо бул ишти баштап беришкен. Алдына бул аялды жиберип, жерлерди сата бергиле дешкен. Ошол маалда сот Бекешов деген болгон. Дагы Сокулук районунда судья бар. Ошол мыйзамдаштыргыла деп чечим чыгарып берип койгон. Андан кийин, райондор аралык сотто Осмонова деген бар. Ошол мыйзамсыз чечим чыгарып берип койду", - дейт жергиликтүү депутат.

Бул боюнча редакция экинчи тараптын комментарийин угууга даяр. Алар азырынча байланышка чыкпай жатышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12476