"Мени, балдарды өлтүрөт". Машине айдап баратып аялды сабаган эркекти көргөндөр токтотушту
RU

"Мени, балдарды өлтүрөт". Машине айдап баратып аялды сабаган эркекти көргөндөр токтотушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте Кустанайская көчөсүндө эркек киши аялды машиненин ичинен сабап жатканын өтүп бараткандар көрүп калып, аны куткаруу үчүн машинелерин токтотушат.

Алардын айтымында, алар алдыда кетип бараткан машиненин эшиги ачылып-жабылып жатканын көрүшөт. Ал унааны ашып түшкөндө, ичиндеги эркек киши жаш келинди сабап жатканын байкашат.

Окуяга күбө болгондор айдоочунун жолун тороп, унаасын токтотушат. Андан кийин келинге машинеден чыгууга жардам берип, милиция чакыртышат.

Келин куткаруучуларынан эч нерсе кылбагыла, арыз жазбайм, деп суранат. Анткени өзү менен кошо балдарды да өлтүрүп салат, деп коркуп жатканын айтат.

Биринчи май ИИББси берген маалыматка ылайык, бул окуя боюнча телефон чалуу 19:00до келип түшкөн. Үй-бүлөлүк жаңжал Кустанайский Дэн Сяопин көчөлөрүндө орун алган.

Окуя болгон жерге Биринчи май ИИББсинин ыкчам-тергөө тобу дароо жөнөгөн. 1992-жылы туулган Ш.Ж аялын сабаганы аныкталган.

Ал Биринчи районунун милиция бөлүмүнө жеткирилип, бул факт КЖБРге 266-берене боюнча "Ээн баштык" деп катталды. Андан аркы тергөө иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1247