Кыргызстандын жаштары климатты сактап, ал үчүн кантип 10000 доллар утушка ээ боло алат?
RU

Кыргызстандын жаштары климатты сактап, ал үчүн кантип 10000 доллар утушка ээ боло алат?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"ClimateScience Kyrgyzstan" долбоору ар бир кыргызстандыктын климат тууралуу сапаттуу билим алуусу үчүн иштелип чыккан. Долбоордун командасы ClimateScience санариптик климаттык билим берүү платформасын кыргыз тилине которушту.

"Климаттык билим Кыргызстандагы көптөгөн адамдарга, атап айтканда жаштарга салттуу билим, анын ичинде математика, тил, адабият жана башкалар сыяктуу эле бирдей болуп, планетанын ишенимдүү жашоочулары болууга жардам берет деп ишенебиз. Ошондой эле климат- билимдүү жаштар жакынкы он жылдыктарда Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнүн гаранты болот", - дешет долбоордун жаратуучулары.

Эскерте кетсек, климаттын өзгөрүү көйгөйү бүткүл дүйнөдө курч жана Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнүн таасирине эң көп дуушар болгон өлкөлөрдүн бири катары эсептелет. Климаттын өзгөрүшү айыл чарбага, энергетикага, адамдардын ден соолугуна жана экосистемага таасирин тийгизет.

ClimateScience платформасы ар бир адамга климат боюнча билим берүүгө жардам берет, ошондуктан дүйнөдөгү ар бир адам климаттын өзгөрүү проблемасынын жалпы контекстти билет жана бул көйгөйдү чечүүгө катышат. Платформанын өзү дүйнө жүзүндөгү ыктыярчылар тарабынан Оксфорд жана Кембридж университеттери сыяктуу дүйнөлүк илимпоздордун жана билим берүү мекемелеринин, ошондой эле БУУнун колдоосу менен түзүлгөн. Платформа климаттын өзгөрүшү боюнча илимий жактан тастыкталган маалыматты, бүткүл дүйнөлүк коомчулук тарабынан таанылган жана негизги эрежелер катары кабыл алынган, ага ылайык дүйнө климаттын өзгөрүшүнө каршы натыйжалуураак күрөшө алат.

Санарип тиркеме балдар китептерди, 13төн ашык тема боюнча курстарды, анын ичинде айыл чарбасынан тартып, энергетика, өндүрүш тууралуу чоңдорго жана өспүрүмдөргө арналган окуутуларды камтыйт. Курстар билим берүүчү видеолорду, сүрөт (графикалар) жана статистикалар менен түзүлгөн. Мугалимдер үчүн класстарга климаттык темаларды киргизүү үчүн материалдар берилген.

Андан тышкары ClimateScience жыл сайын климаттык эл аралык олимпиада өткөрөт. Иш-чара онлайн жана бардык катышуучулар үчүн акысыз болот. Эми платформа кыргыз тилинде чыккандан кийин, бардык каалоочулар бул олимпиадага катышып, баш байге – 10 000 доллар үчүн ат салыша алышат!

Олимпиаданын биринчи этабына катталуу үчүн дедлайн - 10-июнь!

Аталган платформа англис, орус жана башка дүйнөнүн көптөгөн тилдеринде жеткиликтүү.

Долбоор Фридрих Эберттин Кыргызстандагы фондунун колдоосу менен "Кыргызстандын студенттери Жашыл экономика үчүн" коомдук уюму тарабынан ишке ашырылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12487