Мыйзам долбоору: Карызы барлар аэропорттогу терминалдан акчаны төлөп четке чыкса болот
RU

Мыйзам долбоору: Карызы барлар аэропорттогу терминалдан акчаны төлөп четке чыкса болот

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мамлекетке карызы бар жарандары аэропорттон терминал аркылуу акчасын төлөсө чет өлкөгө чыгууга мүмкүнчүлүк жаралат. Бул тууралуу Сот департаментинин директору Медербек Сатыев парламенттин 25-майдагы жалпы жыйынында билдирди.

Белгилүү болгондой, учурда программа даяр.

"Бүгүнкү күндө жарандардын чет өлкөгө чыгуусуна чектөө сот аткаруучунун токтому менен коюлат, тыюуну алуу үчүн да сот аткаруучунун токтому керек. Ошол азыр автоматтык түрдө чечиле турган болуп жатат. Программаны иштеп чыктык, баары даяр", - деди Сатыев.

Эми бул программаны ишке киргизүү үчүн мыйзамга өзгөртүү киргизүү керек. Сатыев ал долбоорду 10 күндүн ичинде Жогорку Кеңешке алып келүүнү убада кылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12516