Коркутууга кабылган аял милиция арызын карабай жатканын айтып, акыйкатчыга кайрылды
RU

Коркутууга кабылган аял милиция арызын карабай жатканын айтып, акыйкатчыга кайрылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жаңы дайындалган акыйкатчы Жамиля Жаманбаева жарандарды жеке кабыл алып, арыз-муңдарын укту. Кайрылгандар жеке менчик укугу, эркиндикке карата укуктары бузулганын, көзөмөл органдарынын, укук коргоо органдарынын аракетсиздигине нааразы болушту. Бул туурасында Акыйкатчы институтунан кабарлашты.

Укук коргоочу Камиль Рузиев акыйкатчынын кабыл алуусунда болгон кезде анын укуктарын калыбына келтирүүгө колдоо көрсөтүүнү суранды. Рузиев адилеттикке жана мыйзамсыз кылмыш иликтөөсү үчүн укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жазалоого жетише албай жатканын айтты. Анын маалыматына караганда, ага каршы мыйзамсыз иш козгогон тарапты кылмыш жоопкерчилигине тартышкан эмес, болгону тартип чарасы гана колдонулган.

Рузиев сот аны актаганын, ал эми азыр аны мыйзамсыз тергеген адамды кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылып жатканын кошумчалады.

Акыйкатчы: "Мен сиздин кейс боюнча ар бир документти изилдеп чыктым. Кандай жардам берүү керектигин түшүндүм. Азыр биз зарыл болгон документтерди даярдайбыз. Биз сизге жардам берүүгө аракет кылабыз", - деп убада берди.

Ошондой эле укук коргоо кызматкерлери тарабынан кыйноого кабылдым деген Ш.К. аттуу жарандын иши боюнча бөлүмгө тиешелүү тапшырмаларды берди.

Андан тышкары акыйкатчынын кабыл алуусунда болгон Л.М. аттуу жаран жер үлүшүн тартып алышканын, ал милицияга кайрылганы менен арызы каралбай жатканына арызданды.

Аялдын айтымында, "кызыл китеби" бар жеке менчик жер тилкесине белгисиз адамдар уруксаты жок эле балык чарбасын уюштуруп алышкан. Анын аймакты бошотуп коюу тууралуу мыйзамдуу талаптарынан кийин коркутуулар башталган. Аял милицияга арыз жазган, андан бери 10 күн өткөнүнө карабай жер участогун бошотуу боюнча реакциялар жок экенин белгиледи.

Жамиля Жаманбаева кызматкерлерге аталган маселени иликтеп чыгып, тиешелүү органдардан аялдын жеке менчик укугун камсыздоону талап кылууну тапшырды.

Ички иштер министрлигинин ардагери К.Ч. дагы акыйкатчынын кабыл алуусунда болуп, Нарын облусундагы мектеп рэкетин жоюу боюнча өз пикирин айтты. Акыйкатчы бардык пикирлерди угуп, ар бир маселе жана арыз-даттанууларга анализ жүргүзөрүн, системалык деңгээлде чечерин, мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүлөрдү иштеп чыгарын айтты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12546