Абировдун ордуна ким депутат болот? Ленин районунун №26 округу боюнча шайлоо жүрүп жатат
RU

Абировдун ордуна ким депутат болот? Ленин районунун №26 округу боюнча шайлоо жүрүп жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 28-майда Ленин районунун №26 шайлоо округунда Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп, ага 29 талапкер катышууда.

28-майда саат 10:00гө карата шайлоочулардын 1,61% добуш бергенин Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. Бул 124 908 шайлоочунун ичинен 2007 адам катышты дегендик. Шайлоо саат 20:00гө чейин уланат. Андан кийин добуштар эсептелет.

27-майда кезексиз шайлоодо 83 шайлоочу (85,57%) имараттан тышкары добуш берди. Буга чейин 97 адам кайрылган.

Саат 12ге карата №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоого 5389 шайлоочу катышты же жалпы шайлоочулардын 4,31%.

Мөөнөтүнөн мурда шайлоого 29 талапкер (24 эркек, 5 аял) катышууда.

Эске салсак, №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу Садыр Жапаров мөөнөтүнөн мурда шайлоону 2023-жылдын 28-майында өткөрүү жөнүндө жарлыкка кол койгон.

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого даярдык көрүү боюнча иш-чаралардын календардык планын бекиткен. Борбордук шайлоо комиссиясына 47 талапкер арыз берип, бирок кийин 29 талапкер калган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12570