Лейлекте 12 жыл бою курулушу бүтпөй келген "Ак-Сарай" чек ара заставасы ачылды
2560
Баткендин Лейлек районунда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышуусунда "Ак-Сарай" чек ара заставасы ачылды. Иш-чара кечээ, 28-майда болду.
slide 2 of 6
Камчыбек Ташиев чек арачыларды майрамы менен куттуктап, аскер кызматкерлери үчүн мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу багытында жасалып жаткан негизги жумуштарга учкай кайрылып өттү. Чек араны коргоодо коюлган талаптарды кынтыксыз аткаруу зарылдыгын, ал үчүн зарыл шарттарды түзүп берүү жагы мамлекет тарабынан мындан ары да улантыларын баса белгиледи.
Аталган заставанын курулуш 2011-жылы башталып, бирок ушул убакытка чейин бүтпөй келген. Өткөн жылы курулуш иштери жанданып, кыска аралыкта чек арачыларга пайдаланууга берилди.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/12595