Курсан Асановдун жазасы өзгөртүлдү. Буга чейин ИИМ Бишкектен сырткары чыгууга тыю салган
RU

Курсан Асановдун жазасы өзгөртүлдү. Буга чейин ИИМ Бишкектен сырткары чыгууга тыю салган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттикке талапкерлердин бири Курсан Асановго үгүт иштерин жүргүзүү үчүн ИИМ Бишкек шаарынан сырткары кетүүгө тыюу салган. Бирок бул жаза бүгүн жокко чыгарылды. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына соттон билдиришти.

Белгилүү болгондой, бүгүн, 16-декабрда Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы Асановдун адвокаттарынын, үгүт иштерин жүргүзүү үчүн республиканын региондоруна чыгууга уруксат берүү суранычы менен арыз жазып кайрылышкан.

Эске салсак, Асановго карата "Кызмат ордунан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал үй камагында болуп, Бишкектен сырткары чыгууга тыю салынган болчу.

Курсан Асановду үй камагынан чыгармайынча үгүт иштери менен Кыргызстанды кыдырууга мыйзам жол бербейт.

Кечээ, 15-декабрь күндөн тартып президенттикке талапкерлеридин үгүт кампаниясы старт алды. Шайлоого 18 талапкер аттанды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/125