Балдар аянтчасында эки жаштагы бала табылды. Анын ата-энесин издеп жатышат
RU

Балдар аянтчасында эки жаштагы бала табылды. Анын ата-энесин издеп жатышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 12-апрелде, 3-кичирайондо жайгашкан №19 кабаттуу үйдүн балдар аянтчасында азиат улутундагы, болжол менен эки жаштагы эркек бала табылды. Анын ата-энеси изделүүдө. Бул тууралуу Бишкектин Октябрь районунун ИИБсинин басма сөз кызматы кабарлады.

Белгилери: бою болжол менен 90 см, арык, чачынын түсү ачык.

Үстүндөгү курткасы милитари түстө, сол тарабында "К" деген ак түстөгү жазуусу бар, топусу кызыл, TANGUA деген жазуусу менен. Ичиндеги кофтасы көгүш түстө, джинсы шымы көк, бутундагы кроссовкасы боз, таманы ак.

Эгер сизде баланын ата-энеси же анын мыйзамдуу өкүлдөрү тууралуу кандайдыр бир маалыматыңар болсо төмөнкү телефон номерлерге байланышууңарды суранабыз: 0700 10 33 84, 0707 21 43 59, 0312 54 41 84 жана 102.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1261