Коопсуз жана жеңил газ баллонду кантип туура тандоо керек? Hexagon Ragasco`дон кеңеш
RU

Коопсуз жана жеңил газ баллонду кантип туура тандоо керек? Hexagon Ragasco`дон кеңеш

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тилекке каршы, Кыргызстан толугу менен газдаштырылган эмес жана көптөгөн жашоочулар суюлтулган газды үйүндө, фабрикаларда, кафелерде колдонушат.

Бирок дүйнөлүк өндүрүүчүлөр суюлтулган газга арналган баллондор үчүн жаңы технологияларды колдонуп жатышат, анын натыйжасында композиттик газ баллондор пайда болду. Алар жеңил жана коопсуз.

Мындай баллондорду Кыргызстандын рыногуна Hexagon Ragasco компаниясы жеткирет. Бул Борбор Азия рыногу үчүн жаңы продукт, бирок цилиндрлер 23 жылдан ашык убакыттан бери чыгарылып келет жана дүйнөнүн 90дон ашык өлкөсүндө пайдаланылууда.

Бардык продукциялар эл аралык стандарттарга туура келет жана Кыргыз Республикасынын аймагында, КМШ өлкөлөрүндө колдонууга жана сатууга уруксат берилген.

Жарылуудан корголгон газ баллон айнектен жана эпоксиддүү чайырдан жасалган. Колбанын өзү тунук, бирок ынгайлуулук үчүн ал кошумча пластикалык материалдардан жасалган корпуска салынат, зарылчылык болгондо оңой эле алмаштырса болот.

Газ үчүн композиттик баллондордун ыңгайлуулугу эмнеде?

Евробаллон деп аталган заманбап баллондордун артыкчылыгы көп:

Жарылып кетпөө коопсуздугу. Композиттик цилиндр өрт болсо да жарылбайт. Эгерде баллон критикалык жогорку температурага дуушар болсо, анда биринчи кезекте ашыкча басымды жоюучу клапан ишке кирет, андан кийин корпус эрий баштайт, айнек буласы "талкаланып", газды бөлүп чыгарат. Газ, албетте,абдан катуу күйөт. Бирок цилиндрдин кескин жарылуусу жана металл баллондордогудай жарылуусу болбойт.

Дат баспайт. Баллон желим эмес, композиттик материалдардан даярдалат. Анын курамында цилиндрдин иштөө мөөнөтүн кыскарта турган металл элементтери жок.

Күнгө ээрип кетпейт. Композиттик баллондор металл баллондорго салыштырмалуу абанын өзгөрүшүнө туруктуу келет. Минималдуу жана максималдуу температураларга туруштук берет. Иштөө температурасынын режими -40тан +60 градуска чейин.

Узак кызмат кылат. Баллонду пайдалануу мөөнөтү чексиз. Мезгилдүү текшерүүдөн өткөрүп, колдоно берсе болот. Текшерүү мөөнөтү 10 жылда 1 ирет болот.

Салмагы жеңил. Эң кичинекей баллондын салмагы 4 килограммдын тегереги. Ад эми эң чоңу 33,5 литрге ылайыкташыкан - 7 килограмм.

Композиттик газ баллондору кайда колдонсо болот?

Заманбап цилиндрлерди үйдө колдонсо болот, анткени редуктор керектөөчүлөргө тааныш болгон стандарттуу туташтыргычка ээ. Жеңил жана коопсуз цилиндрлерди төмөнкү учурларда колдонуу оңой:

  • тамак жасоодо;
  • үй жылытууда;
  • жарыктандырууда;
  • курулушта;
  • шыптарды жасаоодо;
  • балык уулоодо;
  • саякатта;
  • HoReCa тармагында (мейманканалар, кафелер жана ресторандар);
  • тиричилик газы колдонулган башка жайларда.

Маанилүү!

Газ жабдыгы менен иштөөдө коопсуздук чараларын аткаруу шарт:

  • Цилиндрди жана керектөөчүнү визуалдык текшерүүнү үзгүлтүксүз жүргүзүү;
  • Баллондун мезгилдүү текшерүүдөн өз убагында өтүү;
  • Композиттик газ баллондор буга чейин Европанын, Африканын, Азиянын жана АКШнын рынокторунун ишенимине ээ болгон.
  • Hexagon Ragasco коопсуздуктун теңдешсиз тарыхына ээ. Эми бул баллондор Кыргызстандын рыногунда да бар.

Hexagon Ragasco компаниясынын КМШ өлкөлөрүндөгү расмий өкүлүнүн контакттары:

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12628