Депутат электрондук билерик тагылган айыпталуучу талапты бузса эмне болоруна кызыкты
RU

Депутат электрондук билерик тагылган айыпталуучу талапты бузса эмне болоруна кызыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети Кыргызстанда жаңы профилактикалык чара – "электрондук көзөмөл" киргизүүнү жактырды.

Юстиция министринин орун басары Алмазбек Зарылбек уулу электрондук байкоо дистанциялык башкаруу жана электрондук билерик аркылуу айыпталуучунун жүргөн жерине көз салып турууга мүмкүн болот дейт.

Электрондук байкоо жүргүзүү түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө чечим тергөөчү, прокурор, тергөө судьясы, судья, сот тарабынан айыпталуучунун, анын жактоочусунун, мыйзамдуу өкүлүнүн өтүнүч катын кароонун натыйжалары боюнча кабыл алынат.

"Бул үй камагы эмес. Бул баш коргоо чарасынын альтернативдүү түрү. Тагыраагы, эркиндикти чектөөнүн коомдон изоляцияланбаган түрү. Айыпталуучу ИИМдин такай көзөмөлүндө болот", - деп белгиледи министрдин орун басары. Учурда тергөө судьясы мындай чараны колдонууну чечип жатканын кошумчалады.

Юстиция министри Аяз Баетов өз кезегинде бул эркиндикти чектөө эмес, кыймылды чектөө болорун билдирди. "Сот чечим чыгарганда айыпталуучуга билерик тагылып, ал камакка алынбайт, анын белгилүү бир убакта үйүндө болуусу зарыл эмес. Мисалы сот айыпталуучу Чүй облусунан же эки облустан башка аймакка чыга албайт деп чечет. Ал соттун чечимин аткарып жатабы же жокпу, ал кайда экенин кырдаал борбору көзөмөлдөп турат", - деди министр.

Эгерде айыпталуучу электрондук байкоо жүргүзүү шарттарын бузса, ага карата башка бөгөт коюу чарасы колдонулат.

Депутат Мейкинбек Абдалиев муну кинодон гана көргөнүн белгилеп, талапты аткарбаса эмне болоруна кызыкты. "Айтыңызчы, эгер айыпталуучу тыюу салынган аймактан чыгып кетсе эмне болот - билерик жарылабы же айыпкерди ток урабы? Билериктин көлөмү чоңбу? Аны башкалар көрөбү?", - дейт.

Алмазбек Зарылбек уулу, эгер айыпталуучу уруксат берилген аймактан чыгып кетсе, кырдаал борборуна сигнал келерин айтты. Анда айыпталуучунун баш коргоо чарасы өзгөртүлөт дейт.

"Билерик бутка тагылат. GSM стандартында иштейт. Билерик кол сааттан бир аз чоңураак", - деп кошумчалады министрдин орун басары жана мындай профилактикалык чара оор эмес кылмыштарды жасагандарга арата колдонуларын белгиледи.

Депутат билериктин баасын тактады. Юстиция министринин орун басары бир билерик 1000 доллардын тегерегинде экенин айтты.

Талкуунун жыйынтыгында комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12639