Уулун эки жолу бычактап өлтүрүүгө аракет кылган. Баласы атасын эки жолу тең кечирген
RU

Уулун эки жолу бычактап өлтүрүүгө аракет кылган. Баласы атасын эки жолу тең кечирген

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусунун тургуну уулун бычак менен сайып салганы үчүн үч жылга шарттуу түрдө пробациялык көзөмөлгө алынды. Ага чейин дагы шектүү баласын бычактап салган, бирок уулу аны кечирген. Өкүм Жогорку Соттун сайтында жарыяланды.

Аты-жөнү өзгөртүлдү.

Соттун өкүмүндө көрсөтүлгөндөй, өткөн жылдын күзүндө мас абалындагы Игорь үйүндө уулу Петрду сөгүп, андан соң столдун үстүндө турган бычакты алып, көкүрөк тушуна сайып, үйдөн чыгып кеткен. Жабырлануучу көкүрөгүнө бычак сайылган деген диагноз менен ооруканага жаткырылган.

Жайыл райондук сотунун судьясы Игорду "Ден соолукка атайылап оор залал келтирүү" беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, алты жылга эркинен ажыраткан. Анан үч жыл пробациялык көзөмөл колдонуу менен жазасын өтөөдөн бошотулган.

Прокурордун жардамчысы өзүнүн апелляциялык арызында айыпталуучунун мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылганын биринчи инстанциядагы сот көз жаздымда калтырганын, анткени мурда чыр-чатак учурунда уулу Петрду ич көңдөйүнө бычак менен сайып салганын белгилеген. Бирок алар жарашып, кылмыш иши токтотулган. Игорь, прокурордун жардамчысы белгилегендей, өзүнө тиешелүү тыянак чыгарбастан, кайрадан уулунун өмүрүнө каршы атайылап, өзгөчө оор кылмыш жасаган.

Сотто Игорь уулу менен так эмне үчүн урушканы эсинде жок экенин айтты. Пётр иттин айынан апасы менен урушуп кеткенин, андан кийин атасы чыгып, аны урушуп баштаганын, анан бычак менен урганын айткан. Жабырлануучуга коңшусу "Тез жардам" чакырган. Пётр атасына эч кандай дооматы жок экенин, анткени алар мас абалында болгонун белгилеп, аны жазалабоону өтүнгөн.

Чүй облустук сотунун коллегиясы райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12645