Садыр Жапаров Мальдив аралдары менен 30 күнгө визасыз режим тууралуу мыйзамга кол койду
RU

Садыр Жапаров Мальдив аралдары менен 30 күнгө визасыз режим тууралуу мыйзамга кол койду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандыктар мындан ары 30 күнгө чейин Мальдив аралдарында визасыз жүрө алат.

Президент Садыр Жапаров "Министрлер кабинети менен Мальдив Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттен маалымат кызматы билдирди.

Буга ылайык, Мальдив аралдарынын жарандары Кыргызстанда, ал эми кыргыз жарандары Мальдив аралдарында 30 күнгө чейин визасыз жүрө алат.

Эске салсак, макулдашууга 2022-жылдын сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган. Ал эми Жогорку Кеңеш аны 3-майда ратификациялаган болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12646