Ленин округундагы шайлоо: добуштарды сатып алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду
RU

Ленин округундагы шайлоо: добуштарды сатып алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

29-майда Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан "Шайлоочулардын добушун сатып алуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, кылмышка шектүүлөр У.Р. жана А.А. кармалып, убактылуу камоочу жайга киргизилген.

Учурда жогорудагы адамдар тергөө менен кызматташып, тергөө иштери уланууда.

Эске салсак, 28-майда №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына кезексиз шайлоо өтүп, анда алдын ала маалыматтар боюнча көпчүлүк добушту (35,83%) Дамира Ниязалиева жеңип алган. Ал шайлоочуларды сатып алган деп шектелүүдө. Буга телефон сүйлөшүүлөрүн жаздыруу негиз болгон. Аудио жазууда болжолдуу түрдө депутаттыкка талапкер Ниязалиев мүмкүн болгон агитатор У.Р. менен болгон баарлашууда үгүт иштерин жүргүзүү, көрсөтүлгөн талапкерди колдоо үчүн добуш берүү үчүн акы төлөө маселелерин, Ниязалиеваны колдоого шайлоочуларды тартуу боюнча иштөө схемаларын талкуулаган. Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери штабды, тинтүүгө алышкан. Ал жерден эч нерсе табылган эмес. Ниязалиева шайлоочуларды сатып алуу боюнча айтылгандарды четке какты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12647