Кыргызстан мамлекеттик карыздын өсүшү боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен экинчи орунга чыкты
RU

Кыргызстан мамлекеттик карыздын өсүшү боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен экинчи орунга чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2023-жылдын 1-апрелине карата Кыргызстандын улуттук валютадагы мамлекеттик карызы өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14,4%га өстү. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын маалыматында айтылат.

Жалпысынан ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн ичинен улуттук валютадагы мамлекеттик карыз Арменияда гана (7,3%га) азайган. Ал эми Казакстанда (23,1%), Кыргызстанда (14,4%) жана Россияда (10,8%) өскөн.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызынын түзүмүндө тышкы карыз үстөмдүк кылат – 491,6 млрд сом же 5,6 млрд доллар. Ошол эле учурда Арменияда (23,1%га), Казакстанда (2%) жана Россияда (9,1%га) төмөндөгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12678