Төрөт үйлөрү, кургак учук ооруканасы үчүн Кыргызстан Германиядан 4,5 млн евро алат
RU

Төрөт үйлөрү, кургак учук ооруканасы үчүн Кыргызстан Германиядан 4,5 млн евро алат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

1-июнда Экономика жана соода министрлигинде Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Германия өкмөтүнүн ортосундагы каржылык кызматташуу боюнча келишимге кол коюу аземи болду. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

"Бул макулдашуу эненин жана ымыркайдын өлүмүн кыскартууга, ошондой эле Бишкек шаарында жана аймактарда медициналык тейлөөнүн шарттарын, сапатын жакшыртууга чоң салым кошот", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, макулдашууда каралган 4,5 миллион евро учурдагы жана пландаштырылган инфраструктуралык долбоорлорду бүткөрүү үчүн жумшалат. Тактап айтканда, Бишкек, Ош жана Талас шаарларында перинаталдык борборлорду курууга, жабдууга, ошондой эле Бишкек шаардык кургак учукка каршы ооруканасын жабдуулар менен камсыздоого сарпталат.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: mos.ru.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12695