"Европа Биримдиги – Борбор Азия" саммити. Ысык-Көлгө Токаев, Рахмон, Мирзиёев келди
RU

"Европа Биримдиги – Борбор Азия" саммити. Ысык-Көлгө Токаев, Рахмон, Мирзиёев келди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 2-июнда Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель Кыргыз Республикасына келди.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, Шарль Мишель Чолпон-Ата шаарында өтө турган Борбордук Азия мамлекет башчылары менен Европа Кеңешинин президентинин экинчи жолугушуусуна катышат. Ошондой эле 3-июнда Кыргыз Республикасына расмий сапары өтөт.

Андан тышкары Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов Ысык-Көлгө келди.

Ал дагы бүгүн, 2-июнда Чолпон-Ата шаарында өтө турган Борбордук Азия мамлекет башчылары менен Европа Кеңешинин президентинин экинчи жолугушуусунда болот.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Ысык-Көл" аэропортунан жогорку даражалуу коноктордун бири - Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевди тосуп алды.

Андан кийин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон келди. Аны "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунан Акылбек Жапаров тосуп алды.

Кийинки конок Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев болду. Аны да "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасы тосуп алды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12713