D Billions концертинен кийин "Ала-Тоо" аянтындагы таштандыга жарандар нааразы (видео)
RU

D Billions концертинен кийин "Ала-Тоо" аянтындагы таштандыга жарандар нааразы (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте 1-июнда "Ала-Тоо" аянтында Балдарды коргоо күнүнө арналган концерт өттү. D Billions командасынын шоусу 40 миңдей аудиторияны чогултту. Балдар жана алардын ата-энелери сүйүктүү артисттерин көрүү үчүн келишкен. Бирок майрамдан кийинки борбордук аянттын көрүнүшү кубантарлык эмес. Себеби, көрүүчүлөр артынан ири көлөмдөгү таштандыларды калтырышты. Бул тууралуу жарандар Kaktus.media сайтынын Call-борборуна билдиришип, видеолорун жөнөтүшкөн.

- D Billions тобунун концерти жаңы эле аяктады. Көрүүчүлөр калтырган таштандыларды көргөндө көңүлүңүз чөгөт. Бир аз болсо да алардан калган таштандыларды чыгардык;

***

- Кыргыз Элим, уят! Эртең бир гана "Тазалык" кыйналат. Таштанды баштыктарын ала келип, аянтты булгабай деле эс алса болот эле го. Минтип майрамдабай эле койгон жакшы!

***

Ушунча таштанды калды. Балдарыбызга эмнени үйрөтөбүз? Өзүбүздүн шаарыбызды, мекендештерибиздин жана башка адамдардын эмгегин сыйлабайбыз? Бул балдардын сүйүктүү тобу - D Billions каармандары үчүн жагымдуу болот деп ойлойсуздарбы? Тарбия балдарды таштанды таштабоого, ошону менен өзүн жана башкаларды сыйлоого үйрөткөндөн башталат!

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12718