Ферманын ээсин узак убакыт бою коркутуп, акча талап кылып келгендер колго түшүрүлдү
RU

Ферманын ээсин узак убакыт бою коркутуп, акча талап кылып келгендер колго түшүрүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүйдө айыл чарба фермасынын ээсинен опузалап акча талап кылганга шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалыматында айтылат.

Белгиленгендей, Кара-Балта шаарындагы "Р.С." аттуу айыл чарба фермасынын ээсин узак убакыт бою денесине залал келтирип, материалдык зыян келтиребиз деп коркутуп келген К.Б. жана Т.М. аттуу жарандар кармалды. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү 150 миң сом акча каражатын талап кылганы аныкталган.

Аталган адамдар 2023-жылдын 1-июнунда 130 миң сом акча каражатын алып жаткан жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда УКМК тарабынан кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12727