12-апрелде жоголуп кеткен баланын апасы аны балдар үйүнө өткөрүүгө аракет кылган
RU

12-апрелде жоголуп кеткен баланын апасы аны балдар үйүнө өткөрүүгө аракет кылган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, баласын көп кабаттуу үйдүн короосуна калтырып кеткен келин бүгүн, балдар үйүнө баласын алып кетүүгө келген. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына "Дом малютки" мекемесинин кызматкери айтып берди.

Социалдык кызматкерлер бул келин кечээ, 12-апрелде, ушул бала жана 4 жаштагы дагы бир кызы менен келип, аларды тапшырып кетүү аракетин көргөн, деп айтышты. Андан кайдан келгенин жана эмне үчүн балдарды калтыргысы келип жатканын сураганда, Беловодск айылынан келгендигин, балдарды багууга шарты жок экенин айтып берген. Социалдык кызматкер документтерин сураса, эч нерсеси жок экенин билдирген. Андан кийин, ал Октябрь районунун социалдык коргоо башкармалыгына жөнөтүлүп, балдарды тапшыруу үчүн кандай документтер керектигин түшүндүрүп беришкен.

Кызматкерлердин айтымында, ал документтерди толуктап келем, деп айтып кеткен. Ал эми кечинде, милиция балдар үйүнө жоголуп кетти деп эртең менен апасы менен келген баланы алып келишкен.

"Баланын апасынын айтып бергендерине караганда, ал Бишкекке бир таанышына келген. Ал үйлөнөм деп убада берген экен, бирок кийин жолугушуудан баш тартып, телефонун өчүрүп коюптур. Шаарды жакшы билбегендиктен кызы менен басып кетип, кайра келип уулун таппай калган. Андан кийин кайра Беловодскийге, апасыныкына кетип калыптыр.", - деп балдар үйүндөгү кызматкерлер айтып беришти.

Бул үй бүлөө оор материалдык абалда. Бала энесине берилген жок, анткени ал баланы тапшырып салуу ниети менен келген. Андан тышкары энеси баласынын жоголушуна кейигени байкалган эмес, - дешти соцкызматкерлер.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1273