8 жаштагы Айдарбек россиялык телекөрсөтүүдө элди таң калтырды
RU

8 жаштагы Айдарбек россиялык телекөрсөтүүдө элди таң калтырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россия 1 телеканалынын "Удивительные люди" долбооруна Кыргызстандык мектеп окуучусу Айдарбек Кубанычбеков катышты. Ал барына менталдык арифметика жана эс тутум (супер эс тутум) боюнча жөндөмүн көрсөттү.

Айдарбек болгону 8 жашта, 2-класста окуйт. Ал долбоордо экранга чыгарылган оор арифметикалык эсептерди кыска мүнөттө барын туура чыгарды.

Бул таланты менен долбоордо отурган калыстар тобун эле эмес, бүт көрүүчүлөрдү таң калтырды.

"Мен бардык сабакты бешке билем. Эң оор эсепти 1 мүнөттө чыгарышым мүмкүн. Бирок көбүнчө 1 мүнөткө жетпеген: 25-30 секундда оор математикалык эсептерди чыгарам", - деди ал түз эфирде.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12747