Контрабанда жолу менен келген 3 тонна лимон жана 5 тонна мандарин ташыган унаа кармалды
RU

Контрабанда жолу менен келген 3 тонна лимон жана 5 тонна мандарин ташыган унаа кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

КР УКМ контрабандага каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, мамлекеттик чек аранын чек ара бөлүктөрүндө контрабанда иш-аракеттеринин алдын алууга жана бөгөт коюуга багытталган тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

2021-жылдын 13-апрелинде КР УКМК жана УКМК чек ара кызматы менен биргеликте Баткен районунун Кызыл-Жол айылынан (болжол менен Пакистан өлкөсүнөн келген) 3 тоннадан ашык лимон жана 5 тоннадан ашык мандарин жүктөлгөн Лейлек районунун тургундары Э.И.С, У.Б.О. жана Р.у.К. аттуу адамдардын башкаруусундагы 3 Mercedes-Benz Sprinter унаасы кармалды.

Такталгандай, кармалган жүк коңшу өлкө аркылуу чек ара жана бажы постторун айланып өтүп, каттоосуз жана бажы төлөмдөрүн төлөбөй киргендиги аныкталды. Коштоочу документтердин жоктугунан, товарларды кармоо боюнча актылар түзүлүп, кармалган унаалар бажы терминалына жеткирилди.

Учурда бажы органдары товарлардын чыккан өлкөсүн, ошондой эле төлөнө турган бажы алымдарынын көлөмүн аныктоо боюнча иштерди жүргүзүп жатышат.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 223-беренеси (Экономикалык контрабанда) боюнча кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында, продукцияны мыйзамсыз ташуу менен алектенген адамдар контрабандалык жүктөрдү чакан партиялар менен экспорттой башташкан, деп УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1275