"Мээси айран болуп калган". "Сезим" борбору аялын өлтүрө сабаган адамдын сотуна нааразы
RU

"Мээси айран болуп калган". "Сезим" борбору аялын өлтүрө сабаган адамдын сотуна нааразы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2022-жылы Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 44 жаштагы тургуну күйөөсүнөн таяк жегенден кийин каза болгон. Бул тууралуу маалыматты каза болгон айымдын бир туугандары "Сезим" кризистик борборуна кайрылган учурда билдиришкен. Окуянын жүрүшүн бул иш боюнча соттук териштирүүлөргө катышкан аталган борбордун директору Бүбүсара Рыскулова kaktus.kg редакциясына айтып берди.

Окуянын чоо-жайы

Окуя 2022-жылы 8-майдан 9-майга караган түнү болгон. 44-жаштагы айымды жолдошу мыкаачылык менен сабап, уктап жатып алган. Күйөөсү жубайына кол көтөрүп жаткан учурда аял улуу баласына чалып, айтканга жетишкен. Бир нече сааттан кийин баласы келип, тез жардам менен апасын ооруканага алып кеткен. Бул учурда жабырлануучу эс-учун жоготуп, комага түшүп калган. Жандандыруучу бөлүмгө жаткырылып, Бишкектен дарыгерлер барып, аялдын башына операция жасашкан. Бирок, операция жасоо учурунда хирургдар жабырлануучунун мээси куюлуп калганын көрүшкөн. Ошентип, аял операциядан чыкпай каза болгон.

Бул учурда жабырлануучунун жолдошу жумушунда отурган. Жергиликтүү милиция шектүүнү иш жеринен кармап кеткен. Ал убактылуу кармоочу жайга киригизилип, соттук териштирүүлөр башталган.

Шектүү менен каза болгон аялдын үч баласы бар. Окуяга чейин жолдошунун кол көтөргөнүнөн улам экөө ажырашып, өз-өзүнчө турушкан.

Бул арада шектүу башка аялга үйлөнүп, бир балалуу болуп, аны менен да ажырашканга үлгүргөн.

Ал эми маркум-аял балдары атасы жок чоңойбосун деп, кырсык болоордон 2 ай мурун эле күйөөсү менен табышкан.

Экспертиза жүргүзүлгөн маалда шектүү мас абалында болгону аныкталган. Бүбүсара Рыскулованын айтымында маркумдун жолдошу ичимдик ичкенин мойнуна алган.

Шектүү аялы дагы мас болгонун соттук териштирүүдө айткан.

Соттук териштирүү маалында шектүү аялы дагы мас абалында болгонун айткан. Мындан улам, экспертиза дайындалып, текшерүүдө маркумдан эч кандай алкоголдук ичимдик табылган эмес.

130-беренин 3-бөлүмүнө ылайык "Өлүмгө алып келүү" боюнча сот иш козголгон

"Сезим" кризистик борборунун директору документтерди көргөзүп, экспертизаладын көчүрмөлөрү менен тааныштырып, төмөнкүлөрдү айтып берди.

"Эми жактайт да. Жактоочусу болот. Биринчи экспертиза дайындалганда жыйынтык: "Шектүү алкогол ичсе да өзү эмне кылып жатканына толук жооп бере алган абалда болгон" деп чыккан. Демек, ал эмне кылып жатканын билген.

Бирок ага макул болбой, комплекстүү психиатриялык текшерүүдөн өткөрүү чечими чыккан. 9-майда каза болуп жатса, 17-майда эспертиза өткөрүлүп, үч психолог кайра эле "Шектүү мас алкогол ичсе да өзү эмне кылып жатканына толук жооп бере алган абалда болгон" деп, корутунду чыгарып берген" - дейт Рыскулова.

Бул чечимге дагы макул бойбой сот психологпсихиотриялык анализ жүргүзүү керек деген чечимге келет.

Жети ай өткөндөн кийин кайра экспертиза дайындалган

Экинчи экспертизаны Терихова аттуу психолог жүргүзүп, 2-даражадагы аффект абалы деп жазып койгон. Бул маанайдын туруксуздугу менен мүнөздөлгөн психологиялык абал.

Аны менен эле маселеге чекит коюлбай, эки тараптын макулдугу менен кайра экспертиза дайындалат. Бул учурда прокурор башка текшерүүнүн кереги жок. Далил жетиштүү дейт. Ага карабай, 2023-жылдын апрель айында кайрадан шектүү текшерүүгө алынат. Анда деле үч психиатр "өзүнүн жасаган ишине жооп бере алат" деген корутунду чыгарат.

Бирок, буга дагы болбой үчүнчү экспертиза дайындоо тапшырылып, бул ирет Абдуллаева аттуу психолог Терихова сыяктуу эле шектүү "2- даражадагы аффект абалында болгон" деген корутунду берип коет.

Абдуллаева аттуу психолог корутундуга: Шектүү аялын аябай жакшы көргөн. Аялы күйөөсүнө жаман мамиле кылган. Кызганычтан өзүн кармай албай, "2- даражадагы аффект абалында кокусунан аялын өлүмгө алып келген. Киши өзүнүн ишине жооп бере албаган абалда болгон", - деп жазып койгон.

Үстүбүздөгү жылдын май айында шектүүнүн акыркы соту болгон

Май айында райондук сот процесси аяктап, анда сот шектүүнү эки жылга эркинен ажыраткан. Прокурор өз кезегинде 12 жыл эркинен ажыратууну суранган. А бирок, айыпталуучу бир жыл СИЗОдо отургандыгына байланыштуу пробация менен камактан чыгып кеткен.

"Сезим" кризистик борбору бул соттун чечими менен макул эмес

"Сезим" кризистик борборунун директору Бүбүсайра Рыскулова райондук соттун чечимине борбор менен катар, маркумдун жакындары дагы макул эместигин айтты. Алар соттун чечимине эле эмес, Терихова менен Абдуллаева аттуу психологдордун корутундулары туура эмес деп эсептешет.

Рыскулова маркумдун жакындары облустук сотко кайра кайрыла турганын маалымдап, шектүү ичип алса, аны психолог менен соттор актабай, тескерисинче айыпталуучунун жазасын оорлотуу керек эле деп нааразы болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12778