Аялы менен күйөөсү таксистти өлтүрүүгө аракет кылып, телефонун, 600 сомун тартып алышкан
RU

Аялы менен күйөөсү таксистти өлтүрүүгө аракет кылып, телефонун, 600 сомун тартып алышкан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Белгисиз эркек менен аял таксиге отуруп, айдоочунун өлтүрүүгө аракет кылышкан. Бул тууралуу Kаktus.media'га Чүй облусунун ИИБси билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, 2020-жылдын 12-декабрында Сокулук районунун РИИБсине 2001-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну кайрылган. Анын айтымында 12-декабрда кечки саат 20:00дө анын унаасына 20-25 жаш-курактагы кыз-жигит отурган. Алар Новопавловка айылына чейин жеткирип коюну суранышкан.

Ошол эле жерден машинеге отурган эркек айдоочунун мойнуна жипти арта салып муунта байштайт. Жанындагы аял анын телефонун тартып алып, 600 сом акчасын алып коюшат. Андан кийин таксистти БЧКнын жанына таштап, машинесин айдап кетишет.

Айдоочунун унаасы алыс эмес жерден табылган. Ал эми шектелүүчүлөр кечээ, 15-декабрда камакка алынышты. Алар 1998-жылы туулган Б.С. жана анын аялы 1995-жылы туулагн Э.Н. экени белгилүү болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/127