Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келди
RU

Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

6-июнда Катар мамлекетинин эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани мамлекеттик сапар менен алгачкы жолу Кыргыз Республикасына келди.

Эл аралык "Манас" аэропортунда жогорку даражалуу конокту президент Садыр Жапаров тосуп алды.

Аэропортто көчмөн элдин өзгөчөлүгүн көрсөткөн ички жасалгалары менен боз үй шекилинде инсталляция орнотулду. Катардын эмирин аэровокзалдын имаратынын алдында аттары менен 10 чабандес жигиттер жана "Алптар" баатырлары тосуп алышты.

"Мамлекеттик сапардын алкагында өлкө лидерлери эртең, 7-июнда тар жана кеңейтилген форматтарда эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, өз ара кызыкчылык туудурган маселелердин кеңири чөйрөсүн, эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүнүн келечегин талкуулашат", - деп айтылат маалыматта.

Бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12802