Жаңы Конституцияны окугуңуз келбей жатса, бул кыска видеону көрүп түшүнүп алсаңыз болот
RU

Жаңы Конституцияны окугуңуз келбей жатса, бул кыска видеону көрүп түшүнүп алсаңыз болот

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

11-апрелде шайлоочулардын көпчүлүгү (шайлоо участогуна келгендер) Конституциянын жаңы долбоорун колдошту. Жаңы Баш мыйзам расмий жарыяланган күнүнөн тартып күчүнө кирет. Бирок, качан жарыяланат, азырынча белгисиз. Анткени, БШК расмий түрдө жыйынтык чыгара элек.

Kaktus.kg бир материалда Конституциядагы негизги өзгөрүүлөрдү чогултуп өлкөдөгү өзгөрүүлөр боюнча кыскача айтып берет.

  • Президент беш жылдык эки мөөнөтко шайлана алат. Мурунку Конституциянын негизинде шайланган Садыр Жапаровдун биринчи мөөнөтү алты жылга созулат. Ошону менен ал, экинчи мөөнөткө аттанса 2032-жылга чейин бийлик башында боло алат.
  • Президентти отсавкага кетирүү мүмкүнчүлүгу өтө төмөн. Аны ишке ашыруу үчүн Генералдык прокуратуранын жана Конституциялык соттун корутундусу керектелет. Эсиңерде болсо, алардын жетекчилерин президент өзү дайындайт.
  • Премьер-министр болбойт. Президент өзү аткаруу бийлигин жетектеп, өкмөттүн иш алып баруусу үчүн жооптуу болот. Жогорку кеңештин жыйындарын белгилеп, мыйзам долбоорлорду парламентке киргизет. Анын мыйзам долбоорлору приоритеттүү түрдө каралат. Министрлер кабинетинин ишин өкмөттүн төрагасы камсыздайт, ошол эле адам президенттин аппаратын да жетектейт. Кабмин кетирген каталар үчүн өкмөттүн төрагасы жоопкерчиликке тартылат.
  • Референдумдарды тез-тез өткөрө берсе болот. Эми депутаттан тышкары 300 миң шайлоочу жана президент өзү референдумду демилге көтөрүп чыга алат.
  • Жогорку Кеңеште 120 депутаттын ордуна 90у эле калат, жана алардын мандатын чакыртып алса болот. Бирок бул сиситема кандайча иштейт, азырынча белгисиз. Шайлоо бир мандаттык округ жана партия тизмеси менен жүрөт. Жогорку Кеңеш өкмөттү отставкага жөнөтө албайт.
  • Мэр кандайча шайланат, бул да белгисиз. Конституция мыйзамдарга шилтеме берет экен, ал жака да өзгөртүүлөр киргизилсе керек.
  • Курултай бар, бирок ал эч нерсе чечпейт. Башында Садыр Жапаров курултай көзөмөлдөөчү органга айланат, ал президентти отставкага кетирип, парламентти тарката алат, деп ишендирген. Бул анын эң популярдуу убадаларынын бири болчу. Бирок, бул Конституцияда курултай тууралуу эки эле берене жазылган. Бул кеңешме жана байкоочу жыйын, ал коомдук өнүгүү үчүн рекомендацияларын бере алат. Кимге берет - көрсөтүлгөн эмес. Курултай кандайча иштейт жана кимдер анын курамына кирет, бул да белгисиз.
  • Көзөмөл жана чектөөлөр көбөйөт. "Моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарга, коомдук аң-сезимге каршы келген" иш чараларды өткөрүүгө мыйзам тарабынан тыюу салынат. Кайсы мыйзам тарабынан, белгисиз. Юристтер жана эксперттер, мында жарандык коом үчүн кооптонууну жаратуучу белги бар, деп билдиришти.
  • Пенсия менен жөлөк пулдар көтөрүлөт. Учурда айрым жарандар алган соцтөлөмдөр жашоо минимумунан төмөн. Жаңы Конституция 2023-жылдын 1-январынан тарта пенсия менен жөлөк пулдар жашоо минимумунан төмөн болбойт, деп кепилдик берет.

Акыркы жарым жыл парламент жана өкмөт үчүн окуяга бай болот. Себеби алар мыйзам чыгаруучу базаны Конституцияга ылайык келтириши керек. Алдыда дагы жаңы тартип боюнча өтө турган парламенттик шайлоо бар.

Бийлик азык-түлүк кризиси жана COVID-19 менен күрөшүү сыяктуу күнүмдүк көйгөйлөрдү чечүүгө убактысы калат болду бекен, бул да белгисиз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1280