"Кайгылуу көрүнүш". Токтогул суу сактагычындагы абал
RU

"Кайгылуу көрүнүш". Токтогул суу сактагычындагы абал

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Токтогул суу сактагычында учурда суу өтө аз. Какtus.media сайтына жергиликтүү тургун сүрөттөрү менен бөлүштү.

Кыргызстанда суунун жетишсиздиги олуттуу көйгөй жарата баштады. Анын кесепети май айынын аягында жана июнь айынын башында Чүй облусунун дыйкандары жана тургундарына тийип жатат.

Токтогул суу сактагычында 2023-жылдын 1-июнуна карата суунун көлөмү 2022-жылдын 1-июнуна салыштырмалуу 2 миллиард кубометрге аз.

2023-жылдын 5-июнуна карата суу сактагычта 8,6 миллиард кубометр суу бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12822