Депутат: Бишкекте суу жок, Арча-Бешикте эл кыйналып жатат, а мэр - Сочиде жүрөт
RU

Депутат: Бишкекте суу жок, Арча-Бешикте эл кыйналып жатат, а мэр - Сочиде жүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңеште суу көйгөйүн болтурбоо үчүн чара көрбөгөн аткаминерлердин жоопкерчилиги тууралуу маселе көтөрүлдү. Маселени Паламенттин кезексиз жыйынында депутат Дастан Жумабеков көтөрдү.

"Кышында түтүн менен күрөшчүбүз, кыйынчылык менен жашап, жайга чейин аман-эсен жүрүп, жок дегенде азыр жеңил дем алабыз деп ойлодук, бирок ичүүчү суу маселеси пайда болду. Мындай көйгөйдүн чыгышын жетекчилер алдын ала билиши керек болчу. Кесепеттерин,климаттын өзгөрүшүн 1-2 жылда билип,тиешелүү чараларды көрүш керек эле. Кечээ эле аткаминерлер баарын табиятка шылтап, жаратылышты күнөөлөп жатышат. Ушул кырдаалды президентке жеткирип,тиешелүү чара көрүүнү суранам", - деп билдирди депутат министрлер кабинетинин өкүлү Алмасбек Абытовго.

Балбак Түлөбаев мэриядагы кадр саясатын сынга алды. Түлөбаевдин айтымында, вице-мэрлер мэрлердин өздөрүндөй тез-тез алмашпашы керек.

"Мэрлерди алмаштырып жатабыз. Маселени изилдеп, баарын эми түшүнө баштаганда кайра башкасы дайындалат. Жок дегенде вице-мэрлерди калтырыш керек, иштешсин, алар кантип иштешти билишет. Ар бир жаңы мэр вице-мэрлерди алмаштырат. А Бишкекте суу жок, Арча-Бешикте эл кыйналып жатат, мэр болсо Сочиде жүрөт", - деди Түлөбаев ачууланып.

Белгилей кетсек, ушул күндөрү Сочиде Акылбек Жапаров, айрым мекеме-ишканалардын жетекчилери жана мэр иш сапары менен жүрүшөт.

Күн ысыганы - Бишкекте ичүүчү суу маселеси пайда болду. Айрым райондордо суу түнкүсүн берилбей эле. Шаар бийлиги бассейндердин, мончолордун жана унаа жуучу жайлардын иштешине тыюу салып, ишкерлер менен жарандардын нааразычылыгы пайда болду

Бийлик акыркы жылдары, өзгөчө жай мезгилинде калкты ичүүчү суу менен камсыздоо көйгөйү турак жайларда гана эмес, бүтүндөй Бишкек шаарында да курчуп кеткенин түшүндүрүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12824