Вице-мэр: Шаарда ичүүчү суу боюнча эч кандай көйгөй жок, көйгөй жаңы конуштарда
RU

Вице-мэр: Шаарда ичүүчү суу боюнча эч кандай көйгөй жок, көйгөй жаңы конуштарда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүнкү күндө шаарда ичүүчү суу боюнча көйгөй жок. Маселе так "Арча-Бешик", "Ак-Ордо" жана "Ак-Өргө" жаңы конуштарында болуп жатат. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына Бишкек шаарынын вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев билдирди.

"Турукташтырылганга чейин суу берүү графиги сакталат. Калган райондордо суу менен камсыздоо боюнча маселе жок. Октябрь районунда суунун басымы боюнча маселе бар", - деди ал.

Эске салсак, күн ысыганы - Бишкекте ичүүчү суу маселеси пайда болду. Айрым райондордо суу түнкүсүн берилбей эле. Шаар бийлиги бассейндердин, мончолордун жана унаа жуучу жайлардын иштешине тыюу салып, ишкерлер менен жарандардын нааразычылыгы пайда болду

Бийлик акыркы жылдары, өзгөчө жай мезгилинде калкты ичүүчү суу менен камсыздоо көйгөйү турак жайларда гана эмес, бүтүндөй Бишкек шаарында да курчуп кеткенин түшүндүрүүдө.

Бир адамга суткасына орточо керектөө 170 литрден 410 литрге чейин көбөйгөн – 241%га өскөн.

Маалым болгондой, Бишкек шаары ичүүчү суу менен Орто-Алыш жана Ала-Арча жер астындагы суу кендеринин 37 суу алгычынан (кампа же суу топтогуч) камсыздалат. Борбор шаарды суу менен камсыздоонун негизги булагы Орто-Алыш суу алгычы болуп саналат, ал ичүүчү суунун 40%дан ашыгын камсыздайт.

2023-жылдын 2-июнуна карата тереңдиги 160-250 метр болгон 334 артезиандык скважина иштетилүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12826