Дастан Бекешев ичүүчү суунун тартыштыгы боюнча: Суу бар, мээбиз бир аз иштебей калды
RU

Дастан Бекешев ичүүчү суунун тартыштыгы боюнча: Суу бар, мээбиз бир аз иштебей калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Бишкексууканал" абоненттеринин 12%ында гана суу эсептегичтери бар. Бул тууралуу вице-мэр Жыргалбек Шамыралиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бир адамга суткалык керектөө нормасы 170 литр болсо, иш жүзүндө 500 литрге жетет. Ал белгилегендей, суу тартыштыгынын негизги көйгөйү ичүүчү суунун жайкысын сугатка пайдаланылганынан келип чыгууда.

"Бизде суу бар, мээбиз бир аз иштебей калды", - деп жыйынтыктады депутат Дастан Бекешев.

Шамыралиевдин айтымында, суунун суткалык керектөө нормасынан ашыкча чыгымы 70%ды түзөт. Ошондой эле суу түтүктөрдүн 70-80%ы эскирип, оңдоого муктаж.

Вице-мэрдин айтымында, суу алуучу жайларды кеңейтүү үчүн төмөнкү участоктор керек:

  • "Башкара-Суу" суу алуучу тилкесинде 4 га аянты менен;
  • "Сельский" суу алуучу зонасында - 3 га;
  • "Контррезерва" суу алуучу зонасында - 4 га.

Бир скважина курууга 150 миллион сомдон 500 миллион сомго чейин каражат керектелет.

Эске салсак, депутаттар Дастан Бекешев менен Марлен Маматалиев мэрия кырдаалды өз алдынча көтөрө албастыгын, маселени министрлер деңгээлинде чечүү керектигин белгилешкен.

Эске салсак, күн ысыганы - Бишкекте ичүүчү суу маселеси пайда болду. Айрым райондордо суу түнкүсүн берилбей эле. Шаар бийлиги бассейндердин, мончолордун жана унаа жуучу жайлардын иштешине тыюу салып, ишкерлер менен жарандардын нааразычылыгы пайда болду

Бийлик акыркы жылдары, өзгөчө жай мезгилинде калкты ичүүчү суу менен камсыздоо көйгөйү турак жайларда гана эмес, бүтүндөй Бишкек шаарында да курчуп кеткенин түшүндүрүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12830