Кемпир-Абад суу сактагычына бир адам чөгүп кетти
2443
Куткаруучулар Кемпир-Абад суу сактагычынан чөгүп кеткен адамдын сөөгүн алып чыгышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Айгыржал айылынын тургундары 2004-жылы туулган кыргызстандык суу сактагычка чөгүп кеткенин билдиришкен. Издөө иштерине КР ӨКМнин №53 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 10 куткаруучу тартылып, жансыз денени таап, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/12839