16 жаштагы баланы мыкаачылык менен сабалышы. Жергиликтүү дарыгер кызматтан бошотулду
RU

16 жаштагы баланы мыкаачылык менен сабалышы. Жергиликтүү дарыгер кызматтан бошотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттыкты сактоо министрлиги Васильевка айылындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун клиникалык жетекчисин шалаакылыгы үчүн кызматынан бошотту. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди.

Эске салсак, Аламүдүн районунун Васильевка айылында 9-июнь күнү түштөн кийин 16 жаштагы өспүрүм катуу сабалган.

Бирок, окуя болгон учурда жергиликтүү Үй- бүлөлүк медицина борборунун клиникалык жетекчиси жанында болгон. Видео кадрдын алдыңкы планында анын унаасын жана өзүн көрүүгө болот. Ал киши өспүрүмдүн эс-учун жоготуп жатканын көрүп, бирок эч нерсе кылбай, унаасына отуруп кетип калган. Натыйжада сабалган жаранга тез жардам кызматын чакырган башка адамдар жардам беришкен.

Буга байланыштуу Чүй облусунун саламаттыкты сактоо координаторунун жетекчилиги тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында клиникалык жетекчини шалаакылыгы үчүн кызматынан бошотуу чечими кабыл алынган.

"Жабыркаган өспүрүм "Тез жардам" кызматы менен Бишкек шаарынын Балдар клиникалык тез жардам ооруканасына жеткирилди. Ал жактан ага бардык керектүү жардамдар көрсөтүлгөн. Учурда ага тиешелүү дарылар дайындалды. Дарыгерлер өспүрүмдүн абалын туруктуу деп баалап жатышат", - деп айтылат министрликтин маалыматында.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12869