Курманбек Бакиев дагы 10 жылга кесилди. Ал жалпы 30 жыл эркинен ажыраш керек
RU

Курманбек Бакиев дагы 10 жылга кесилди. Ал жалпы 30 жыл эркинен ажыраш керек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 2023-жылдын 1-мартындагы өкүмү менен Курманбек Бакиев 2021-жылдын 28-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылган. Кеп "Коррупция" беренесинин "Уюшкан топтун, кылмыштуу чөйрөнүн кызыкчылыгы үчүн жасалган же оор зыян келтирүү" жөнүндө болуп жатат.

Мурдагы соттолгондорду кошкондо, качкын президент жалпысынан 30 жыл түрмөдө отурушу керек.

Ошондой эле өкүмдө анын үй-мүлкү конфискацияланып, жаза мөөнөтүн өтөгөндөн кийин үч жыл мамлекеттик кызматта иштей албасы белгиленген.

Максим Бакиев, Алексей Елисеев и Капара Курманалиева

Ушул эле иш боюнча Максим Бакиев, анын бизнес өнөктөшү Алексей Елисеев жана дагы төрт адам соттолду.

Максим Бакиев 13 жылга эркинен ажырады. Соттун буга чейинки чечимдерин эске алып, качкын президенттин уулу өмүр бою эркинен ажыратылды.

Кумтөр иши боюнча Алексей Елисеев 12 жылга эркиненажыратылды. Буга чейинки сот чечимдерин эске алуу менен Елисеев 30 жыл абакта жатышы керек деген чечим чыкты.

Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин экс-жетекчиси Капара Курманалиева 10 жылга кесилди. Буга чейинки соттун чечимин эске алганда, ал 13 жыл абакта болушу керек.

Каржы министринин мурдагы орун басары Эмирлан Төрөмырзаев 12 жылга, мурдагы тышкы соода жана өнөр жай министри Садриддин Жээнбеков 10 жылга, мурдагы мамлекеттик юрист Елена Белковская 9 жылга соттолду.

Бардык соттолгондордун үй-мүлкү конфискацияланат, алар эркиндикке чыккандан кийин үч жыл мамлекеттик кызматта иштей албайт.

Маалыматтарга караганда, сот иши ошол кездеги президент Курманбек Бакиев, Кыргызстандын өкмөтү, "Кыргызалтын", "Центерра Голд", "Кумтөр Голд Компани" жана "Кумтөр Оперейтинг Компани" ортосунда Кумтөр кени боюнча 2009-жылы түзүлгөн келишимге байланыштуу болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12875