Эркин журналист Ыдырыс Исаковду "Пансионат Ош" жайынын мурунку директору бетке чапкан
RU

Эркин журналист Ыдырыс Исаковду "Пансионат Ош" жайынын мурунку директору бетке чапкан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эркин журналист Ыдырыс Исаков өзүнүн instagram баракчасына "Пансионат Ош" мекемесинин мурдагы директору Маматкарим Койчукулов аны бетке чапкан видеосун жарыялады.

""Ош" пансионатынын мурунку директору өзүнө менчиктештирип алган мүлктөр тууралуу сьемка. Мүлктүн күйүтү катуу болот экен…", - деп Исаков видеонун алдына жазган.

Буга ылайык, Ыдырыс Исаков "Пансионат Ош" мекемесинин мурдагы директору Маматкарим Койчукуловго каршы Ош шаардык милициясына арыз жазды. Бул тууралуу "Азаттык" жунралисттин комментарийине таянып жазды.

Окуя 12-июнда болгон. Анда эркин журналист "Жетекчилерге жем болгон пансионат" деген программасынын уландысын тартып жүргөн.

Маалыматта Исаков окуя болгон күнү эле Ош шаардык милициясына кайрылып, арыз жазганы айтылат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12885